Презентация "Туштук Американын жаратылыш зоналары, калкы, олколору"

Африка, Австралия сыяктуу эле Түштүк Америка материктердин ичинен органикалык дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Мурунку Гондвана платформасы айрым материкке бөлүнүп ажырап калгандан кийин, Түштүк Америка узак мезгилдер башка материктерден обочолонуп кала берген. Ошондон улам өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн Түштүк Америкага гана мүнөздүү түрлөрү келип чыккан. Африка жана Австралияда өсүүчү өсүмдүктөр, мисалы, пальмалар, акациялар менен катар эле Түштүк Америкада өзүнүн түрлөрү каучуктуу гевея, какао жыгачы, кабыгынан дары жасалуучу хина жыгачы өсөт. Түштүк Америка көптөгөн маданий өсүмдүктөрдүн, анын ичинде, картошканын, томаттын, буурчактын ж.б. мекени. Нымдуу жана жылуу (жумшак) климаттын басымдуу болушуна байланыштуу материктин түндүгүндө жашыл же жайкысын бүрдөөчү токойлор, бадалдар кеңири таралган. Жарым чөл сейрек, тропиктик чөлдөр дээрлик жок. Материктин аймагында —түздүктөрдө кеңдик зоналуулук, тоолордо бийиктик алкактуулук мүнөздүү
библиотека
материалов
Содержание слайдов
Номер слайда 1

Тема: Материктин жаратылыш зоналары, калкы,ѳлкѳлѳрү. А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты Бишкек 2021 МУГАЛИМ: СΥЙΥНДΥКОВА МЕЙИЗГΥЛ ИМАНАЛИЕВНА

Номер слайда 2

Экватордук нымдуу токойлор зонасы. Африка сыяктуу эле материкте экватордун эки тарабын бойлото экватор нымдуу токойлор зонасы жатат. Ал токойлор Амазонияда жана ага жамаатташ жаткан Анд тоолорунун капталдарында, ошондой эле Тынч океандын түндүк жээк бойлорунда таралган. Экватор токойлору Түштүк Америкада "сельвас” деп аталат. Ал сөз португал тилинен которгондо “токой" дегенди билдирет. * Сельва

Номер слайда 3

Сельвас Африканын токойлоруна караганда нымдуураак; өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнө бай. Токойлордо жыгачтар бир нече ярустуу, баскычтуу болуп өсөт. Айрым жыгачтардын сөңгөктөрүнүн бийиктиги 80—100 м, диаметри 4 м жеткен сейбалар бар. Анын мөмөсүнөн була, уругунан өсүмдүк майы алынат. Андан төмөнкү баскычтарда каучук жыгачтары (гевея), пальмалар, какао, хина, коон жыгачы, кызыл жыгач, папоротниктер ж. б. түзөт. Чоң-чоң жыгачтардын сөңгөгүнө лианалар оролуп, чырмалып өсүп, чытырманга айланган. Дарыялардын мелмилдеп жай аккан жээктеринде дүмпүйгөн жалпак виктория — регия өсүмдүгү өсөт. Анын жалбырагы 2 м ге жетет. Көптөгөн өсүмдүктөр баалуу жыгач, мөмө, шире, техникада жана медицинада колдонуучу баалуу кабык берет. *

Номер слайда 4

Сельванын жаныбарлары Капибара * Ягуар Нымдуу токойлордун жаныбарлар дүйнөсү өзгөчө бай. Анда жыгачтарда жашоого ылайыкташкан жаныбарлар, көптөгөн оролмо куйруктуу маймылдар ж.б. болот. Жырткыч жаныбарлардын түрлөрү аз, алардын ичинен ягуар көбүрөөк белгилүү. Канаттуулар дүйнөсү бай. Дарыяларда крокодилдер, таш бакалар жана балыктардын түрлөрү көп. Анаконда деген суу жыланынын үзундугу 10 м ге жетет.

Номер слайда 5

Саванна Саванналар жана сейрек токойлор зонасы. Саванналар негизинен субэкватордук, азыраак тропиктик климаттык алкактарда таралган. Түштүк Американын саванналары Африканыкынан айырмаланып чакан аянттарда кездешет. Материктин түндүгүндө саванналар Ориноко ойдуңунун жана Гвиана, Бразилия бөксө тоолорунун капталдарынын көпчүлүгүн ээлейт. Ориноко ойдуңунда саваннаны “Льянос" деп аташат. Ал испанча "Льянос" — тегиз түздүк деген сөз. Саванналарда кызыл ферраллит жана кызыл коңур түстөгү топурактар таралган. *

Номер слайда 6

Саванна Льянос Кампос * Бразилия бөксө тоосундагы саванналар — кампос (португал тилинен которгондо түздүк деген мааниде) жана борбордук түздүктөрдүн саванналары льяноско караганда кыйла чоң аймакты ээлейт да, субтропиктик, тропиктик алкактарда да созулуп жатат. Кампостордо өскөн өсүмдүктөр льяностогудай эле бийик узун тулаң чөптөрдөн турат. Бразилия бөксө тоосунун чыгышында жылдын кургак мезгилинде, жалбырактары күбүлүүчү жыгач токойлору, сейрегирек бадалдар көбүрөөк таралган. Анда кактус, мимоза, “бөтөлкө" жыгачтары есөт. Ал эми бөксө тоонун батыш капталдарында, түздүктөрдүн ичкери жактарында жаан-чачын аз жааган аймактарга катуу чөптөр жана тикенектүү бадалдар мүнөздүү. Алардын ичинен кыска, сейрек учуроочу кебрачо катуу жыгачы өзгөчөлөнөт. Ал жыгачты кыргызча которгондо “балта сындырар” деген мааниде. Аны кыюу, иштетүү жана ташуу иштерине ошол жердеги жергиликтүү калктар катышат.

Номер слайда 7

Саванна Страус нанду * Муравьед Броненосец Африканын саванналарына караганда Түштүк Американын саванналарында жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрү азыраак. Анда майда бугулар, пекарь делчү жапайы чочколор, броненосецтер (ал мүйүзү кабырчактуу калканы бар сүт эмүүчү жаныбар), кумурска жегичтер бар. Жырткыч жаныбарлардан ягуардан башка, ачык талааларда пума деген жаныбар болот.

Номер слайда 8

Талаа зонасы (Пампа) * Саванналардан түштүктө субтропиктик алкакта, Парана дарыясынын төмөнкү агымында талаалар созулат. Бул зонаны Түштүк Америкада пампа дешет, ал “түздүк", “талаа” деген мааниде. Пампада субтропиктик климат мүнөздүү болуп, зонанын аймагында жаан-чачын ар кыл жаайт. Талаанын чыгышында климат жылуу, жаан-чачын жыл бою бир калыпта жаайт да кургакчылык байкалбайт. Жайы ысык, ал эми кышында түштүктөн көп учурларда муздак шамал жүрүп, температураны кескин төмөндөтөт. Талаа зонасында асылдуу кызгылт-кара топурак өрчүгөн. Гумус горизонту калың (20 — 40 см), чиринди заттар көп. Талааларда өсүүчү ар түрдүү тулаң чөптөр — пампас чөбү, кара кыяк бетеге жана башкалар өсүп калың чымдарды пайда кылат. Пампанын айдын талаа мейкиндиктеринде күлүк жаныбарлар—пампа бугусу, пампа мышыгы, төөгө окшош туяктуу ламалардын бир нече түрлөрү, канаттуулардан нанду төө кушу баар алат. Көптөгөн кемирүүчөлөр жана канаттуулар бар.

Номер слайда 9

Лама * Түштүк Америка Африка, Австралиядан айырмаланып тропиктик чөлдөр жогоруда айтылгандай дээрлик жок. Материктин түштүгүндө субтропиктик жана мелүүн климаттык алкактардын шартында жарым чөлдөр зонасы чакан аянтта гана таралган. Материктин ал катаал аймагын Патагония деп аташат. Жарым чөл зонасында боз жана боз күрөң топурак таралган. Анын асылдуулугу, гумус катмарынын калыңдыгы төмөн, чиринди заттар да аз. Зонада өсүмдүктөр начар өрчүгөн. Анын ар кайсы жерлеринде илбийген, кээде түптөнгөн тулаң чөптөр жана дүмпүйгөн тикенектүү майда кыска жапыз бадал кактус жыгачтары өсүп, чытырман токойду түзөт. Жарым чөлдөрдө кемирүүчү жана ийинде (чээнде) жашоочу жаныбарлар баар алышат. Алардын ичинде вискача, нутрия ж.б. бар. Алар сырттан коркунуч болгон учурда жерди казып кирип кетишет. Жарым чөл зонасы. Вискаша

Номер слайда 10

Анды * Анды тоолорундагы бийиктик алкактуулук. Тоолордо түздүктөрдөн айырмаланып, жаратылыш зоналарынын бири экинчиси менен алмашылышы кеңдик багытта гана эмес, бийиктик боюнча да болот. Тоолордун этектериндеги түздүктөрдө ошол кеңдикке мүнөздүү зоналар кездешет. Ал эми тоолор улам бийиктеген сайын акырындап климат, топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү өзгөрүлөт. Ошондой эле жаратылыш зоналары да бири-бири менен алмашылат. Алар тоолорду ар кандай бийиктикте чулгап-курчап жатат. Ошондон улам тоолордогу жаратылыш зоналарынын алмашылышын бийиктик алкактуулук дешет. Анды тоолору канчалык бийик жана экваторго жакын жатса, тоо этектеринен кыр-чокуларына карай көтөрүлгөндө ошончолук жаратылыш алкактары байкалат. Андынын тоо этектеринен 1200—1500 м бийиктикте, Амазонка токоюнан аз айырмаланган экватор токойлору ээлейт. Климаты жылуу, нымдуу. Температура жогору, жаан-чачын мол.

Номер слайда 11

Анд тоолору Шиншилла * Анды тоолорунда жаныбарлардын көптөгөн эндемиктери бар. Анын эң байыркы түрлөрүнө көз айнектүү аюу, кемирүчүүлөрдөн териси менен баалуу шиншилли ж. б. сакталып калган. Алар коргоого, көзөмөлгө алынган. Тоонун кээ бир аймактарында жапайы ламалар кездешет. Алар тике кыялаган капталдардан кыйын жүрөт. Жергиликтүү калк аларды колго үйрөтүп унаа катары пайдаланат. Түштүк Американын материгинин органикалык дүйнөсү, өсүмдүктөрү, топурагы, агын суулары жана жаныбарлары негизги жаратылыш байлыгы. Пампанын асыл топурагы, өсүмдүктөрдүн түрлөрү, териси баалуу жаныбарлар айбандар, колго мал кылып үйрөтүлгөн жапайы ламалар чарбачылыкта чоң мааниге ээ. Дарыяларда жана океандын жээк жаккы сууларында балыктар кыйла көп. Ал эми материктин аймагындагы тоолордо табигый жайыттар, анын түпкүрүндө кен байлыктар бар. Мына булардын бардыгы жаратылыш тартуулаган кереметтүү байлык. Ал байлыктарды сарамжалдуу, үнөмдүү пайдалануу азыркы мезгилдин талабы, негизги көйгөйлүү проблемасы. Очковый медведь Андский кондор

Номер слайда 12

Айрым маалыматтарга караганда материкте адамдар алгачкы ирет мындан дээрлик 20 миң жыл мурда пайда болгон. Алар ошол жакка Түндүк Америкадан барышкан байыркы индеецтер эле. Келгиндер көп сандаган урууларга бөлүнүп, бүткүл материктин аймагына отурукташкан. XVI кылымдан тартып Американын ачылышы менен европалыктар Түштүк Американы басып алып, материкке отурукташа баштайт. Европалыктардын алгачкылары испандар жана португалдар, андан кийинчерээк Европанын башка өлкөлөрүнөн да элдер көчүп барышкан. Европалыктар барган кезде жергиликтүү индеец элдеринин көпчүлүгү уруучулук түзүлүшүнүн деңгээлинде турушкан. Анд тоолорунда гана инктердин байыркы мамлекети, өнүккөн чарбасы, маданияты болгон.

Номер слайда 13

* Окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн маалыматтарына караганда индеец элдери тоолордо гана эмес, түздүктөрдө да дыйканчылык менен кесиптенишкенин, суу тосомолорду курушканын, саздак жерлерди кургатышканын далилдеди. Индеецтер жүгөрүнү, картошканы, арахисти биринчи болуп өстүрүшкөн, азыр бул өсүмдүктөр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Европалыктардын материкти басып алышы, анын жергиликтүү калкын бардык чарбачылыктан ажыраткан. Инктердин мамлекети таланып, тонолуп жок кылынган. Индеецтердин санынын азайышы европалыктарды жаңы жумушчу күчүн издөөгө мажбур кылган. Ушундан улам, алар плантацияларды иштетүү үчүн Африкадан негрлерди алып келип кул кылып иштетишкен.

Номер слайда 14

* Ошентип, азыркы учурда материкте адамзаттын бүткүл үч чоң расасынын өкүлдөрү жашайт. Калктын составы укмуштуудай татаал болуп кеткен. Европалыктардын индеецтер менен никелешүүсүнөн келип чыккан тукумдарды “метистер" деп аташат. Ушул учурда алар Анды аймагындагы өлкөлөрдүн калкынын негизги массасын түзөт. Европалыктар менен негрлердин никесинен келип чыккан тукумдарды “мулаттар", ал эми индеецтер менен негрлердин никесинен келип чыккан тукумдарды "самбо” дешет. Негрлер менен мулаттар негизинен материктин чыгышында жашайт. Материктин аймагындагы калктын ичинде тил, каада-салт, жөрөлгөлөр өз ара аралашып, натыйжада Түштүк Американын жаңы элдери пайда болгон. Калктын көпчүлүгү испан тилинде сүйлөшөт. Бразилияда элдер португал тилинде сүйлөйт. Ырас, кээ бир индейлик тилдер да сакталып калган. Азыркы учурда расалык жактан аралашып кеткен калк материктин көпчүлүк өлкөлөрүндө басымдуулук кылат.

Номер слайда 15

* Түштүк Америкада 433 млн. дон ашык калк жашайт. Алардын көпчүлүгү океандардын жээк бойлорунда. Калктын орточо жыштыгы материктин чыгыш бөлүгүндөгү жээк бойлорунда 50— 100 кишиден ашат. Материктин ичкери аймактарында калк сейрек отурукташкан. Мында 1 км2 жерге 1 кишиден туура келет. Ал эми экватордук токойлордун кээ бир бөлүгүндө калк дээрлик жок. Калктын мындай ар кылка бөлүнүшү, жаратылыш шарттары жана тарыхый отурукташышы менен байланышкан. Саясий картасы. Түштүк Американын азыркы кездеги саясий картасы XIX кылымдын башында материктеги элдердин испаниялык жана португалиялык колонизаторлорго көз каранды эместиги үчүн жүргүзгөн күрөшүнүн натыйжасында түзүлгөн. Түштүк Американын мамлекеттери өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тобуна кирет. Ал мамлекеттердин чарбасынын өнүтүшү колонизаторлордун үстөмдүгүнөн улам эң начар абалда болгон. Түштүк Американын дээрлик бардык өлкөлөрүнүн дүйнөлүк океандарга чыга турган жолдору бар.

Номер слайда 16

* ТҮШТҮК АМЕРИКАНЫН ЖАРАТЫЛЫШ АЙМАКТАРЫ ЖАНА АЛАРДАГЫ ИРИ ӨЛКӨЛӨР Түштүк Америка жаратылышынын өзгөчөлүктөрү боюнча ойдуң-түздүктөр, бөксө тоолор жайгашкан чыгыш жана Анды тоолору ээлеген батыш бөлүккө ажырайт. Материктин чыгыш бөлүгүнүн түпкүрүндө байыркы Түштүк Америка платформасы жатат. Ал платформада жогоруда айтылгандан Амазонка, Ориноко, Ла-Плата ойдуң-түздүктөрү жана Бразилия, Гвиана бөксө тоолору орун алган. Материктин түштүгүндө Пампа, Патагония аймактары жайгашкан. Амазонка ойдуңу. Аны Түштүк Америкада Амазония деп аташат. Ал дүйнө жүзүндө аянты жагынан (5 млн. км2) . Аталган түздүк Анд кырка тоосунан Атлантика океанына чейин жана Бразилия менен Гвиана бөксө тоолорунун арасында, Амазонка дарыясынын бассейнинде кыйла аралыкка созулуп жатат. Амазонка түздүгү палеозой жана мезо-кайнозой тектеринен түзүлгөн Түштүк Америка платформасынын төмөн ийилген синеклиз чуңкурунан орун алган.

Номер слайда 17

* Бразилия Федеративдик Республикасы. Материктин чыгыш жана борбордук бөлүгүн ээлейт. Анын үлүшүнө материктин аянтынын 1/2 бөлүгүнө жакыны туура келет да, аянтынын чоңдугу боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат (8512 млн. км2). Калкы 161,8 млн., борбору—Бразилия. Официалдуу мамлекеттик тили — португал тили. Бразилия Түштүк Америкада өнүгүп келаткан индустриалдык агрардык өлкө. Тоо-кен өнөр жайы өсүп-өнүгүүдө. Темир рудасын, марганецти өндүрүп, иштеп чыгаруу боюнча Бразилия дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Тамак-аш өнөр жай тармактары: кофе, какао, кант, эт, майды ж.б. иштеп чыгаруу ишканалары эзелтен эле өнүккөн. Текстиль тармактары жүндөн, кебезден кездеме токуп чыгарат, кол өнөрчүлүк да жакшы өрчүгөн. Индейлерде үй, жыгач буюмдарды, килемдерди ж.б. жасоо салттары мурунтан эле калыптанып калган. Өнөр жай тармактарынын өсүшүнө байланыштуу ыплас заттардын абага таралышы, сууга кое берилиши көбөйүүдө. Айлана-чөйрө ири шаарларда булгана баштады. Өлкөдө соңку жылдарда экология кыяматтары боюнча олуттуу маселелер келип чыгууда.

Номер слайда 18

* Өнөр жай тармактарынын өсүшүнө байланыштуу ыплас заттардын абага таралышы, сууга кое берилиши көбөйүүдө. Айлана-чөйрө ири шаарларда булгана баштады. Өлкөдө соңку жылдарда экология кыяматтары боюнча олуттуу маселелер келип чыгууда. Дыйканчылыкта ананас, манго, кофе, банан, какао, кокос ж. б. өсүмдүктөр өстүрүлөт. Банан өзгөчө мааниге ээ. Банандын жалпы жыйымы, кофени өндүрүү боюнча өлкө дүйнөдө биринчи орунда. Өлкөдө мал чарбасы негизинен алыскы жайытта багылат. Кой, чочко, канаттуулар өстүрүлөт. Чочкону асыроонун саны боюнча Латын Америкасында 1-орунда. Жергиликтүү индейлердин кесиптери аңчылык. Балык уулоо чарбанын эзелтен берки тармагы.

Номер слайда 19

* Анды кырка тоолору Материктин батышында Тынч океандын жээгин бойлото Анд тоолору жатат. Түндүк Анды тоолору, Экватордун эки тарабы боюнча жайгашканда бийиктик алкактуулук даана байкалат. Ошондой эле жанар тоолор, кыйраткыч жер титирөөлөр мүнөздүү. Андыда калктын көпчүлүгү дыйканчылык менен кесиптенет. Кариб деңизинин жээк бойлору нефти кендерине бай. Түштүк тропикке жакын океандын жээк бойлорунда Атакама чөлү жайгашкан. Айрым жылдары жаан-чачын дээрлик жаабайт. Аба ырайы өтө кургак келип, жаныбарлардын сөөгү чирибей какшып кургап калат. Түштүк Анды мөңгүлөрдүн кеңири таралышы, кар сызыгынын төмөн жатышы менен мүнөздөлөт. Тоонун түпкүрү ар кандай кендерге бай. Анды тоолору узундук багытында ар кыл алкактарда жайгашкан. Алсак экватордук, тропиктик, субтропиктик алкактар жатат. Андынын түштүгү мелүүн алкакты камтыйт. Анды өлкөлөрдүн тобуна Перу, Эквадор жана башкалар кирет.

Номер слайда 20

* Перу Республикасы. Ал түштүк Американын батышындагы жээк бойлорунда жайгашкан. Аянты жагынан материктеги үчүнчү өлкө(1285 миң км2). Борбор шаары—Лима. Өлкөнүн калкы—29 млн. киши. Калкы индейлер, испандардын укум-тукумунан жана метистерден турат. Кечуа—индейлери өздөрүнүн тилин, үрп-адатын, салтын, кол өнөрчүлүгүн сактап калышкан. Перу мамлекети экономикасы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Түстүү металл кендерин—жез, коргошун, цинк, висмут ж. б. казып алып иштетүү тоо-кен өнөр жай тармактары өнүккөн. Перу дүйнөлүк рынокко жезди чыгарууда көрүнүктүү орунду ээлейт. Кийинки жылдарда машина куруу тармактары да өнүгүүдө. Тамак-аш, текстиль өнөр жай тармактары да өнүккөн. Өлкөнүн Тынч океан жээктеринин суулары балыкка бай. Соңку жылдарда өлкө эң бай “балыктуу" өлкөнүн бири болуп калды. Анчоус балыгын кармоо боюнча дүйнөдө алдыңкы (биринчи) орунда. Чоң киттер да кармалат. Калктын көпчүлүгү айыл чарбасында эмгектенет. Мал чарбасында бодо малдар, кой-эчкилер жайыттарда багылат.

Номер слайда 21

* Сельва, саванна жана пампа зоналарынын бири-биринен айырмачылыгы, өзгөчөлүгү эмнеде. Аларда өскөн өсүмдүктөр менен жашаган жаныбарларын атагыла. Андынын этектеринен кыр чокуларына көтөрүлгөндө кандай алкактуулук жана жаратылыштын кандай составдык бөлүктөрү алмашылат? Түштүк Американын азыркы элдери кандайча келип чыккан? Бразилия, Перу өлкөлөрүнүн калкынын көпчүлүгү айыл чарбасында эмгектенет. Себеби эмнеде? Бышыктоо үчүн суроолор

Номер слайда 22

№ Жаратылыш зоналары Географиялык абалы Климаттык алкактары Топурактары Ѳсүмдүктѳрү Жаныбарлары 1. Нымдуу экватордук токойлор (сельва) Экватордун эки жагында жайгашкан Экватордук Кызгыл саргыч ферралит Сейба какао пальмы гевея Ленивец тапир капибара анаконда 2. … … … … … … 3. … … … … … … 4. … … … … … … 5. … … … … … … * Υйгѳ тапшырма

Информация о публикации
Загружено: 20 января
Просмотров: 643
Скачиваний: 0
Суйундукова Мейизгул Иманалиевна
География, 7 класс, Презентации
Скачать материал