Презентация "Туштук Американын рельефи жана кен байлыктары

үштүк Американын жеринин бетинин түзүлүшү ар түрдүү. Материктин орточо бийиктиги 580 м, эң бийик чокусу Аканкагуа — 6980 м, эң төмөнкүсү Вальдес жарым аралында деңиз деңгээлинен —40 м төмөн жатат. Рельефтин түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү боюнча материк батыш жана чыгыш бөлүккө айырмаланат. Чыгыш бөлүгүн түздүктөр жана бөксө тоолор ээлейт. Алар материктин негизин түзгөн Түштүк Америка платформасында жатат. Платформанын төмөн ийилип чөккөн чуңкурларында Амазонка, Ориноко, Ла-Плата ойдуңдары жана чакан ичкери түздүктөр жайгашкан. Материктеги жана Жер шарындагы эң ири ойдуң—Амазонка, анын аянты 5 млн. км2. Бийиктиги деңиз деңгээлинен 10—15 м ге гана көтөрүлүп, начар тилмеленген. Платформанын көтөрүлгөн участкаларына Бразилия, Гвиана бөксө тоолору дал келет. Бразилия бөксө тоосунун Бандейро чокусу 2884 м ге көтөрүлөт. Тоонун көтөрүлгөн айрым участоктору Атлантика океанына тике эңкейиштеп кетет. Батыш капталдары жантайыңкы узун келип, Парана платосу менен тутумдашат. Тоонун капталдары байыркы кристаллдык тектер менен түзүлүп ар кандай тереңдикте дарыялардын нуктары менен тилмеленген. Аларда босоголор, шаркыратмалар кездешет. Гвиана бөксө тоосунун орточо бийиктиги 300 — 650 м, тектоникалык жаракалар тоолорду өзүнчө массивдерге бөлгөн. Материктин батышында созулган Анды тоолору герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон. Кийинки геологиялык мезгилдерде тоолор талкаланууларга дуушарланып кыйрап, алар түздүккө — пенепленге айланган. Альпы тоо бүктөлүүсүндө Анды кайра көтөрүлүп азыркы түспөлүнө келген. Бүктөлүүдөн, пайда болгон жаракалардан байыркы структуралар бөлөк-бөлөк массивдерге ажыраган. Алардын айрымдары — Борбордук Анды өтө бийик көтөрүлгөн. Азыркы мезгилде да Анды көтөрүлүп "өсүп" жатат. Ал Жер шарындагы активдүү кыймылдагы тектоникалык зона, мында өтө күчтүү жер титирөөлөр 10—15 жылда бир кайталанып турат.
Скачать материал
библиотека
материалов
Содержание слайдов
Номер слайда 1

ТҮШТҮК АМЕРИКАНЫН РЕЛЬЕФИ ЖАНА КЕН-БАЙЛЫКТАРЫ. КЛИМАТТЫК АЛКАКТАРЫМУГАЛИМ: СΥЙΥНДΥКОВА МЕЙИЗГΥЛ ИМАНАЛИЕВНА

Номер слайда 2

Түштүк Американын жеринин бетинин түзүлүшү ар түрдүү. Материктин орточо бийиктиги 580 м, эң бийик чокусу Аканкагуа — 6980 м, эң төмөнкүсү Вальдес жарым аралында деңиз деңгээлинен —40 м төмөн жатат. Рельефтин түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү боюнча материк батыш жана чыгыш бөлүккө айырмаланат. Чыгыш бөлүгүн түздүктөр жана бөксө тоолор ээлейт. Алар материктин негизин түзгөн Түштүк Америка платформасында жатат. Платформанын төмөн ийилип чөккөн чуңкурларында Амазонка, Ориноко, Ла-Плата ойдуңдары жана чакан ичкери түздүктөр жайгашкан. Материктеги жана Жер шарындагы эң ири ойдуң—Амазонка, анын аянты 5 млн. км2. Бийиктиги деңиз деңгээлинен 10—15 м ге гана көтөрүлүп, начар тилмеленген. Платформанын көтөрүлгөн участкаларына Бразилия, Гвиана бөксө тоолору дал келет. Бразилия бөксө тоосунун Бандейро чокусу 2884 м ге көтөрүлөт. Тоонун көтөрүлгөн айрым участоктору Атлантика океанына тике эңкейиштеп кетет. Батыш капталдары жантайыңкы узун келип, Парана платосу менен тутумдашат. Тоонун капталдары байыркы кристаллдык тектер менен түзүлүп ар кандай тереңдикте дарыялардын нуктары менен тилмеленген. Аларда босоголор, шаркыратмалар кездешет. Гвиана бөксө тоосунун орточо бийиктиги 300 — 650 м, тектоникалык жаракалар тоолорду өзүнчө массивдерге бөлгөн.

Номер слайда 3

Анды тоолору Тынч океандын жээгин бойлото түндүктөн түштүккө 9000 км аралыкка созулат. Жергиликтүү калктын — инктердин тилинде Анды "жездүү тоолор" деген мааниде. Ал бир нече жарыш тоо кыркаларынан турат да бирде туш-тушка айрылат, бирде кайра жакындап тоо түйүндөрүн түзөт. Тоолордун көп кыр-чокулары деңиз деңгээлинен 6000 м ден жогору көтөрүлөт. Анын эң бийик Аканкогуа чокусу 6959 м ге жетет. Ал бүткүл түштүк жарым шардагы эң бийик чоку, тоонун кыр чокуларында түбөлүк карлар жана мөңгүлөр кездешет. Орографиялык өзгөчөлөгү жагынан Анды үч бөлүккө ажырайт. Алардан Борбордук Анды өтө жазы (750 км), бийик. Анда тоо кыркаларынын арасында бөксө тоолор жатат..

Номер слайда 4

Кен байлыктары. Материктин түпкүрү ар кандай кен байлыктарга бай. Алсак, материктин чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Бразилия, Гвиана бөксө тоолору жана Андынын борбордук бөлүгү ар түркүн кендерге бай. Анткени ал тоолор көтөрүлгөндө келип чыккан жаракалар аркылуу магма тектеринин жиреп кириши жана кристаллдык тектердин жатышы, түстүү, сейрек металлдардын пайда болушуна чоң өбөлгө түзгөн. Түштүк Америка көптөгөн кендер боюнча жез, калай, темир рудалары, боксит, селитра ж. б. дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Мындан тышкары, марганец, күмүш, калай, молибден, алмаз кендери да көп. Анды кырка тоолорунун түпкүрүндө түстүү жана сейрек металлдар — жез, калай кендери кеңири өлчөмдө кездешет. Бекеринен тоонун аты инктердин тилиндеги “анта" — "жез" деген сөздөн келип чыккан эмес. Кариб деңизинин жээк бойлору жана Андынын түндүк этектери дүйнөдөгү эң ири нефть-газ кендери чыккан аймактардан болуп эсептелет. Түштүк Американын аймагында көмүр кендери чакан аянттарда гана кездешет. Кийинки жылдарда материктин ичкери жактарында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Номер слайда 5

Климаттык шарттары: Түштүк Америка Жер шарындагы эң нымдуу материк. Анын климаты Африка материгине караганда анча ысык, кургак эмес, Климаттын түзүлүшүнө географиялык абалы, кеңдиктер боюнча күндүн жылуулугунун таралышы, аба массаларынын өз ара алмашуулары, океандык агымдар жана рельеф зор таасирин тийгизет. Материктин аймагында төмөнкүдөй климаттык алкактар кездешет. Экватордук алкак. Бул алкакта материктин батыш жээк бойлору, Анд тоосунун түндүгү жана Амазонка ойдуңунун көп бөлүгү жатат. Алкактын климаты Атлантика океанынан келген нымдуу аба массаларынын таасири астында түзүлөт. Абанын температурасы жыл бою 25 —27°С . Жаан-чачындар жылына 1500 — 3000 мм ге жетет. Субэкватордук алкак экватордун түндүк жана түштүгүндө жатат. Анда Ориноко ойдуңу, Гвиана бөксө тоосу, Амазонка ойдуңунун чыгыш жана түштүк бөлүктөрү, Бразилия бөксө тоосунун түндүк жана борбордук бөлүктөрү орун алган. Алкакта жайкы жана кышкы температуралардын болор-болбос айырмачылыгы, жаан-чачындардын сезон боюнча жаашы байкалат. Кышы кургак, абанын температурасы 20°С, жайы нымдуу, температура 25°С болот. Гвинея бөксө тоосунун түндүк-чыгыш капталдадарына жана Атлантика океанынын ага жанаша жаткан жээктерине кыш мезгилинде 1000 — 2000 мм жаан-чачындар түшөт. Тропиктик алкак. Алкакта Бразилия бөксө тоосунун түштүк-чыгыш бөлүгү, Ла-Плата ойдуңунун түндүк жагы жана ички түздүктөрдүн түштүк бөлүгү жатат. Бул алкакта, жылдын сезондор боюнча температуралардын айырмасы кадимкидей байкалат. Ырас, кышкы орточо температура (июль) 17°—19°С жылуу болот. Жайкы температура — январь айында 25°С.

Номер слайда 6

Климаттык шарттары: Материктин чыгыш бөлүгү пассат шамалдарынын таасиринде болот. Алар шамалдын багытына карата жаткан Бразилия бөксө тоосунун капталдарына жана жээк бойлоруна көптөгөн нымды алып келет. Жаан-чачындар жай бою 1000—1500 мм ге чейин жаайт. Материктин борборуна жакын тропиктик алкакта жаан-чачындардын саны 1000 мм ден 500 мм ге азаят, кышкы кургак мезгилдин узактыгы артат. Тропиктик түздүктөрдүн ичкери жагында нымдуу-сезондук өткөөл климат түзүлөт. Тропиктик алкактын 5° жана 30° түштүк кеңдигинде Тынч океанынын жээк бойлору, Анд тоосунун батыш капталдары, Перу муздак агымынын таасиринде болот. Ал агымдын илеби абаны муздатып жаан-чачындын жаашына жолтоо болот. Африканын тропиктик батыш жээктериндей эле бул аймакта дайыма калың тумандар пайда болот. Жаан-чачын жылына болгону 25 мм ден аз жаайт. Ал эми Атакама чөлүнө нечен жылдар бою жамгырдын тамчысы да болбойт. Бул дүйнөдөгү эң кургак какыраган чөл. Жээк бойлорунда жайкы температура 20°С, кышында 13°С болот. Алкактын чыгышында кышы жылуу (8—16°С), жайы ысык (20 —24°С).30° жана 40° түштүк кеңдикте жаткан аймактар субтропиктик алкакка кирет. Алкактын чыгышында климат нымдуу субтропиктик типте болот. Январь айынын температурасы 25°С, июлдуку 10°— 15°С. Жаан-чачындар 2000— 1000 мм жаайт. Материктин ичкери жагына киргенде климат кургак, ысык( жаан-чачын 500 — 300 мм болот. Тынч океан жаккы жээктин климаты субтропиктик Жер Ортолук деңиз тибинде. Жайы кургак, ысык 17 —20°С, кышы жылуу 8—10°С, нымдуу, кышында батыш шамалдары океандан нымды алып келет. Күн бүркөө, жаан-чачындуу болот. Бул климат Африканын түндүк-батыш жана түштүк, батыш бөлүктөрүнүн климатына кыйла окшош келет.

Номер слайда 7

Климаттык шарттары: Тропиктик алкакта тоонун бардык бийиктиктеринде климаттын өтө кургактыгы жана суткалык температуранын чоң өзгөрүлүүсү менен айырмаланат. Ал эми субтропиктик жана мелүүн алкактарда сезондор боюнча абанын температурасынын, жааган жаан-чачындардын санынын айырмачылыктары даана байкалат. Аба таза, күндүз күн ысык, түнкүсүн салкын, катуу шамалдар ал алкактын аба ырайынын мүнөздүү белгилери болуп, жааган жаан-чачындардын саны көбөйөт. Кээде кыш салкын, кар бурганактары солгун болот.

Номер слайда 8

Бышыктоо үчүн суроолор. Материктин рельефинин формаларын карта боюнча көрсөткүлө. Анды тоолору кандай тоолорго кирет? Андагы рельефти пайда кылууда тектоникалык кыймылдардын ролу кандай? Түштүк Америка ар кандай кен байлыктарга бай, эмне үчүн? Бийиктик алкактуулук кандай таралган?Тропиктик, субтропиктик жана мелүүн алкактардын аймактарынын климатынын айырмачылыгы эмнеден байкалат жана эмне менен түшүндүрүлөт?

Номер слайда 9

ΥЙГθ ТАПШЫРМА1. Китебиӊердеги 130-134-бетке чейин окуп, дептериӊерге конспект жазгыла.2. Контур картага кен байлыктарды белгилегиле. Аткарылган тапшырманы классруумга жиберебиз.

Информация о публикации
Загружено: 20 января
Просмотров: 513
Скачиваний: 0
Суйундукова Мейизгул Иманалиевна
География, 7 класс, Презентации