[Запись и материалы] Педагогическая онлайн-конференция «EdTrends 2021/2022» Смотреть
Конкурс разработок «Пять с плюсом» июль 2021
Добавляйте свои материалы в библиотеку и получайте ценные подарки
Конкурс проводится с 1 июля по 31 июля

Презентация "Туштук Американын ички суулары

Түштүк Америка — биздин планетабыздагы суусу эң мол материк. Анын себеби материктин аймагында жаан-чачындар өзгөчө арбын жаайт. Материктин батыш жээк бойлорунда созулган Анд кырка тоолору Тынч жана Атлантика океандарынын бассейндеринин аралыгындагы суу бөлгүч болуп кызмат өтөйт. Материктеги бардык чоң дарыялар Атлантика океанына куят. Анды тоосунун батыш капталдарынан башталган айрым гана чакан дарыялар Тынч океанга кошулат. Ал эми суу агып чыкпас ички бассейндер аймактын аянтынын 6% ке жакынын ээлейт. Ал Австрияга салыштырганда 10 эсе аз. Түштүк Америка материгинин дарыяларынын курамы негизинен жаан-чачындардан башталат. Ушундан улам экватордук алкакта дарыялардын суусу жыл бою мол болот. Ал эми тропиктик жана субэкватордук алкактардан аккан дарыялар, кышында өтө тартылып тайыздайт, жайында болсо ташып ташкындап жээктерден ашып чыгат. Ырас тоолордогу айрым дарыялар сууларын кар менен мөңгүлөрдүн эришинен толуктайт.
библиотека
материалов
Содержание слайдов
Номер слайда 1

СВЮЗТүштүк Америка. Негизги дарыя системалары, кѳлдѳрү

Номер слайда 2

Түштүк Америка — биздин планетабыздагы суусу эң мол материк. Анын себеби материктин аймагында жаан-чачындар өзгөчө арбын жаайт. Материктин батыш жээк бойлорунда созулган Анд кырка тоолору Тынч жана Атлантика океандарынын бассейндеринин аралыгындагы суу бөлгүч болуп кызмат өтөйт. Материктеги бардык чоң дарыялар Атлантика океанына куят. Анды тоосунун батыш капталдарынан башталган айрым гана чакан дарыялар Тынч океанга кошулат. Ал эми суу агып чыкпас ички бассейндер аймактын аянтынын 6% ке жакынын ээлейт.

Номер слайда 3

Түштүк Америка материгинин дарыяларынын курамы негизинен жаан-чачындардан башталат. Ушундан улам экватордук алкакта дарыялардын суусу жыл бою мол болот. Ал эми тропиктик жана субэкватордук алкактардан аккан дарыялар, кышында өтө тартылып тайыздайт, жайында болсо ташып ташкындап жээктерден ашып чыгат. Ырас тоолордогу айрым дарыялар сууларын кар менен мөңгүлөрдүн эришинен толуктайт.

Номер слайда 4

Номер слайда 5

Материктин чөлкөмүндөгү негизги суу артериясы Амазонка дарыясы. Ал суусунун молдугу жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Анын аянты 7 млн. км кв. Амазонканын башаты Анды тоосунан башталып, материк аркылуу чыгышка карай агып, Атлантика океанына куйган чатында чоң дельтаны пайда кылат. Амазонка дарыясы узундугу боюнча Нил суусунан кийинки дүйнөдөгү экинчи дарыя. Анын узундуту 6480 км. Жылдык орточо чыгымы 175000 м3/сек. Дарыя өзүнүн нугунда 500дөн ашык куймаларын алат. Анын оң куймаларында суунун деңгээлинин көтөрүлүүсү—ташкыны октябрь — мартта, ал эми сол куймаларында апрель — мартта байкалат. Ошентип Амазонка дарыясынын суусу жыл бою мол болот. Дарыянын жогорку ташкыны түштүк жарым шардагы жай айынын акырына дал келет. Бул убакта суунун деңгээли нуктан 10— 15 м ге көтөрүлөт да жээктен чыгып ойдуңду каптайт. Айрым жерлерде киши өтө алгыс саздар пайда болот. Амазонка дарыясынын нугунун жазылыгы ортоңку агымында 4 — 5 км, тереңдиги 70 м, ал эми төмөнкү агымында 60 — 70 км, тереңдиги 100 м ге жетет. Аркы өйүздөгү жээкти көрүүгө мүмкүн эмес. Анын көпчүлүк бөлүгү кеме жүрүүгө ыңгайлуу. Дарыянын агымы мелмилдеп жай келип, көптөгөн майда жана чоң аралдарды, салааларды жана көлмөлөрдү пайда кылат. Дарыянын чаты ташылып келинген агынды шилендилерден турат. Дарыянын төмөнкү агымында, деңиз ташкынынын учурунда бийиктиги 4 м ге жеткен өркөчтөнгөн шарпылдак толкундар пайда болот.

Номер слайда 6

Парана жана Ориноко дарыяларынын суулары да мол келет. Ырас, ал дарыялардын агымы — режими Амазонкадан айырмаланып сезон боюнча өзгөрүлүп турат. Аталган дарыяларда суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүп ташкындоосу жайкысын башталат. Анткени жайында жаан-чачын мол. Ал эми кышкысын тартылып өтө тайыздайт. Ориноко Түштүк Америкадагы ири дарыялардын бири, узундуту 2730 км. Бассейнинин аянты 1086 миң км кв. Башаты Серра Парима тоосунун батыш капталынан, Гвиана бөксө тоосунун түштүк батыш бөлүгүнөн башталат да, Гвиана ойдуңу аркылуу агып, Атлантика океанына куят. Ал жерде дельтаны пайда кылат да көптөгөн айрыктарга бөлүнөт. Ориноко дарыясынын курамы жаан-чачындардан түзүлөт. Суунун деңгээли жыл бою кескин өзгөрүлөт. Гвиана бөксө тоосунун агып түшкөн дарыянын куймаларынын биринде дүйнөдөгү эң бийик Анхель шаркырматмасы жайгашкан, анын бийиктиги 1054 м.

Номер слайда 7

Материктин аймагында көлдөр сейрек болуп келип, чыгышы жана аянты жагынан ар түркүн көлдөр кездешет, чоңу Маракайбо көлү. Ал материктин түндүк жагында жатат да кууш салаа аркылуу Кариб деңизи менен кошулат. Ошондой эле Патус, Мирин, Лагуна көлдөрү жээк сызыгын бойлото кездешет. Борбордук Анды кырка тоосунда Титикака көлү орун алган. Ал Жер шарындагы эң бийик (3812 м), терең тектоникалык чуңкурда жайгашкан көл. Түштүк Американын аймагындагы жер бетиндеги суулар калктын турмуш тиричилигинде, чарбалык иштеринде чоң роль ойнойт. Ойдуң-түздүктөрдөгү дарыялар кеме катнашына жарактуу. Чоң дарыялар энергетикалык ресурстарга бай. Агымы шар дарыяларда чакан электр станциялар курулган. Кургак талааларда агын суулар сугатка пайдаланылат. Көлдөрү.

Номер слайда 8

Картага ири дарыялар, көлдөр, шаркыратмаларга белгилегиле. Кѳлдѳрдү атагыла?Титикакавдп. Анхель{5 C22544 A-7 EE6-4342-B048-85 BDC9 FD1 C3 A}Түштүк Америка Африка. Африканын кайсы дарыялары Түштүк Американын дарыяларына окшош жана эмне үчүн? Текшерүү үчүн баскыла. Конго. Нигер. Замбези. Сүрѳт Шаркыратмаларды атагыла. Сүрѳт. Анхель, Игуасу. Жооп Жооп. Амазонка. Ориноко. Парана

Номер слайда 9

Тапшырма: Параграф 14.1.4. окуп келүү. Контур картага ири сууларын белгилегиле.

Информация о публикации
Загружено: 20 января
Просмотров: 387
Скачиваний: 0
Суйундукова Мейизгул Иманалиевна
География, 7 класс, Презентации
Скачать материал