[Только до 13 августа!] Масштабные летние олимпиады по школьным предметам Выбрать олимпиаду→
Конкурс разработок «Пять с плюсом» июль 2021
Добавляйте свои материалы в библиотеку и получайте ценные подарки
Конкурс проводится с 1 июля по 31 июля

презентация «Географиялык кабыктын географиялык зоналдуулук мыйзамы»

Географиялык кабыктын негизги мыйзам ченемдүулүгү географиялык зоналдуулук болуп эсептелет. Зоналдуулукта жылуулук, аба массалары, суулар, рельеф, топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар зоналдык болуп таралат. Ошентип табигый комплекс пайда болот. «Комплекс» латын сөзүнөн которгондо «айкалышуу» дегенди билдирет. Демек, табияттын баардык компоненттери бири-бири менен байланышта болот. Анын бир эле компоненти өзгөрсө, анда калган компоненттери да өзгөрүүгө дуушар болот. Мисалы, эгерде сазды кургата турган болсок, анда нымдуулукту сүйгөн өсүмдүктөр жоголот.
библиотека
материалов
Содержание слайдов
Номер слайда 1

Тема: «Географиялык кабыктын географиялык зоналдуулук мыйзамы» 6-класстар үчүн Мугалим: Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 ЖББГИ география мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна

Номер слайда 2

Географиялык зоналдуулук мыйзамы, жаратылыш комплекстери жана географиялык алкактар тууралуу маалымат аласыӊар. Карта менен иштегенге, контур картага өз алдынча алкактарды түшүрүүгө үйрөнөсүӊөр. Табиятка аяр мамиле жасоого, аларды сарамжалдуу пайдаланууга тарбияланасыӊар.

Номер слайда 3

Шыктандыруучу суроолор??? Географиялык кабык деген эмне? Географиялык кабыктын орточо калыӊдыгы канчага барабар? Географиялык кабыктагы заттык айлануулардын негизги кыймылдаткыч күчү …….болуп эсептелет. Биосфера деген терминди биринчи илимге киргизген окумуштуу ким?

Номер слайда 4

Жердин географиялык кабыгы литосфера, гидросфера, атмосфера жана биосферанын өз ара аракеттенүү аймагы.

Номер слайда 5

Географиялык кабыктын орточо калыӊдыгы канчага барабар? Географиялык кабыктын орточо калындыгы 55 км ге барабар.

Номер слайда 6

Географиялык кабыктагы заттык айлануулардын негизги кыймылдаткыч күчү …….болуп эсептелет. Күн энергиясы болуп эсептелет.

Номер слайда 7

Биосфера деген терминди биринчи илимге киргизген окумуштуу ким? Биосфера деген терминди австриялык геолог Эдуард Зюсс 1875-жылы киргизген.

Номер слайда 8

Сабактын мазмуну Географиялык кабыктын негизги мыйзам ченемдүулүгү географиялык зоналдуулук болуп эсептелет. Зоналдуулукта жылуулук, аба массалары, суулар, рельеф, топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар зоналдык болуп таралат. Ошентип табигый комплекс пайда болот. «Комплекс» латын сөзүнөн которгондо «айкалышуу» дегенди билдирет. Демек, табияттын баардык компоненттери бири-бири менен байланышта болот. Анын бир эле компоненти өзгөрсө, анда калган компоненттери да өзгөрүүгө дуушар болот. Мисалы, эгерде сазды кургата турган болсок, анда нымдуулукту сүйгөн өсүмдүктөр жоголот. ;

Номер слайда 9

Номер слайда 10

Жаратылыш комплекстери географиялык алкактарга, географиялык алкактар жаратылыш зоналарына, табигый зоналар подзоналарга, зоначаларга кургактыктагы жана океандардагы ландшафтарга бөлүнөт. Жердин географиялык кабыгы-жер бетиндеги эӊ ири жаратылыш комплекси болуп саналат. Андан кийинки ири жаратылыш комплекси-океандар жана материктер.

Номер слайда 11

Географиялык кабыктын зоналдуулук мыйзамы күндөн келген энергиядан көз каранды. Жер планетасы шар формасында болгондуктан, күн бардык жерге бирдей тийбей экватордон уюлдарды көздөй азаят. Ошондуктан жылуулук режими топурагы, өсүмдүктөрү, жаныбарлары бири-биринен айырмаланат.

Номер слайда 12

Зоналдуулук боюнча географиялык кабыктын эӊ ири бирдиги бул географиялык алкак болуп эсептелет. Географиялык алкак 13 кө бөлүнөт: экватордук, эки субэкватордук, эки тропиктик, эки субтропиктик, эки мелүүн, субарктикалык, субантарктикалык, арктикалык, антарктикалык. А Р К Т И К А Л Ы К ж-а А Н Т А Р К Т И К А Л Ы К С У Б А Р К Т И К А Л Ы К ж-а С У Б А Н Т А Р К Т И Д А Л Ы К М Е Л Ү Ү Н С У Б Т Р О П И К Т И К Т Р О П И К Т И К С У Б Э К В А Т О Р Д У К Э К В А Т О Р Д У К

Номер слайда 13

Географиялык алкактар зоналар жана зоначалардан турат. Алардын табияты бирдей эмес ошондуктан кургактыкта-аймактык жаратылыш комплексттери жана океандарда жаратылыштык-аквакомплекстер деп аталат. Зоналдууулук кургактыкта мыйзам ченемдүү таралган. М. Чыгыш Европа түздүгундө табигый зоналар түндүктөн түштүккө карай ирээти менен алмашат. Бул жакта тундра, токой, токойлуу-талаа, талаа, чөл жана жарым чөл зоналары жатат.

Номер слайда 14

5 4 3 1 2 Кургактыктын кээ бир аймактарында жаратылыш зоналуулугуна баш ийбеген аймактарга тоолор кирет. Мындай жаратылыш комплекстерине Түндүк Американын тоолору, Тибет, Эфиопия тайпак тоосу, Ла-Плата ойдуӊу кирет.

Номер слайда 15

Ар кандай географиялык зонада адамдын чарбалык иштери ар түрдүү. Мисалы, турак-жай курууда, кен байлыктарды казып алууда, тундрада талаа зонасына салыштырганда татаалыраак келет. Географиялык кабыктын учурдагы абалы, биздин табиятка аяр мамиле жасоого, аларды сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Номер слайда 16

Сабакты бышыктоо:

Номер слайда 17

Географиялык зоналдуулук Бүтүндүүлүк Азоналдуулук Тоолор 3,5 млрд. Бирдиктүүлүк

Номер слайда 18

§40 окуп, контур картага географиялык алкактарды түшүрүү.

Номер слайда 19

Көӊүл бурганыӊарга чоӊ рахмат!!!

Информация о публикации
Загружено: 19 апреля
Просмотров: 149
Скачиваний: 1
Суйундукова Мейизгул Иманалиевна
География, 6 класс, Презентации

Проверьте знания своих учеников интересными заданиями

Красочные наградные дипломы и сертификаты для участников, свидетельства и благодарности каждому учителю, ежемесячный розыгрыш ценных призов!

Скачать материал