[Запись и материалы] Педагогическая онлайн-конференция «EdTrends 2021/2022» Смотреть
Конкурс разработок «Пять с плюсом» июль 2021
Добавляйте свои материалы в библиотеку и получайте ценные подарки
Конкурс проводится с 1 июля по 31 июля

Презентация "Австралиянын жаратылыш зоналары"

Материктин аймагында Африка сыяктуу эле кеңдик багыты боюнча түздүктөрдө зоналуулук даана байкалат. Австралия материгинин түндүгүндө чакан аянтта субэкватордук алкак таралган. Ага нымдуу жана өзгөрүлмө нымдуу тропиктик токойлор мүнөздүү. Ал токойлор түштүктө, батышта сейрек токойлор жана саванналар менен алмашылат. Алар акырындап жарым чөл жана чөлгө өтөт. Материктин түштүк батышында бадалдуу талаалар, катуу жалбырактуу токойлор жана тикенектүү бадалдар менен алмашылат. Ал эми материктин түштүк чыгышында аралаш нымдуу субтропиктик токойлор зонасы жатат. Ал токойлордун мүнөздүү өзгөчөлүгү лианалар менен чырмалышкан эвкалипттердин ар кайсы түрлөрүнүн басымдуулук кылышы, жыгач түспөлдөгү папоротниктердин көптүгү менен айырмаланат. Австралия башка материктердин арасынан чөлдөрдүн аянты боюнча биринчи, ал эми токойлордун аянты жагынан акыркы орунду ээлейт. Материктин жаан-чачын мол жааган түндүк чыгышында нымдуу тропиктик токойлордо кызыл-күрөң ферраллит топурагы өрчүгөн. Анын асылдуулугу төмөн. Темирдин окиси көп. Токойлордо ар кыл пальмалардын түрлөрү, фикустар, жыгач түспөлдөгү папоротниктер өсөт. Алар лианалар менен чырмалган. Чыгышта Чоң-Суу бөлгүч тоонун чыгыш капталдарындагы нымдуу тропиктик токойлордо эвкалипт жыгачтары басымдуулук кылат. Тоодо 1000 м ден жогору тоо токойлору өсөт. Аларда байыркы ийне жалбырактуу токойлордун түрлөрү — араукарийдин айрым массивдери кездешет.
библиотека
материалов
Содержание слайдов
Номер слайда 1

Австралиянын жаратылыш зоналары. Материктин флорасы менен фаунасынын ар түрдүүлүгү

Номер слайда 2

Жаратылыш зоналары. Жаратылыш зоналары кеңдик багытында өзгөрөт, жарымынан көбүн чөлдөр жана саванналар ээлейт. Түштүгүндө Жер Ортолук деңиз тибиндеги субтропиктер бар. Түндүгүндө өзгөрүлмө нымдуу токойлор бар. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 75% эндемикалык

Номер слайда 3

Номер слайда 4

Материктин аймагында Африка сыяктуу эле кеңдик багыты боюнча түздүктөрдө зоналуулук даана байкалат. Австралия материгинин түндүгүндө чакан аянтта субэкватордук алкак таралган. Ага нымдуу жана өзгөрүлмө нымдуу тропиктик токойлор мүнөздүү. Ал токойлор түштүктө, батышта сейрек токойлор жана саванналар менен алмашылат. Алар акырындап жарым чөл жана чөлгө өтөт. Материктин түштүк батышында бадалдуу талаалар, катуу жалбырактуу токойлор жана тикенектүү бадалдар менен алмашылат. Ал эми материктин түштүк чыгышында аралаш нымдуу субтропиктик токойлор зонасы жатат. Ал токойлордун мүнөздүү өзгөчөлүгү лианалар менен чырмалышкан эвкалипттердин ар кайсы түрлөрүнүн басымдуулук кылышы, жыгач түспөлдөгү папоротниктердин көптүгү менен айырмаланат. Австралия башка материктердин арасынан чөлдөрдүн аянты боюнча биринчи, ал эми токойлордун аянты жагынан акыркы орунду ээлейт. Материктин жаан-чачын мол жааган түндүк чыгышында нымдуу тропиктик токойлордо кызыл-күрөң ферраллит топурагы өрчүгөн. Анын асылдуулугу төмөн. Темирдин окиси көп. Токойлордо ар кыл пальмалардын түрлөрү, фикустар, жыгач түспөлдөгү папоротниктер өсөт. Алар лианалар менен чырмалган. Чыгышта Чоң-Суу бөлгүч тоонун чыгыш капталдарындагы нымдуу тропиктик токойлордо эвкалипт жыгачтары басымдуулук кылат. Тоодо 1000 м ден жогору тоо токойлору өсөт. Аларда байыркы ийне жалбырактуу токойлордун түрлөрү — араукарийдин айрым массивдери кездешет.

Номер слайда 5

Материктин ичкери бөлүктөрүн карай жылганда ар түркүн токойлордун түрлөрүнүн составы ачык жана кургак түспөлдөгү эвкалипт токойлору менен алмашылат. Алар акырындап сейрек тропик токойлоруна жана саванналарга өтөт. Саванналарда эвкалипттер, акация, казуарина токойлору өсөт. Ачык түстөгү эвкалипт токойлорунда жана саванналарда кызгылт-боз жана кызгылт-күрөң топурактар өрчүгөн. Австралиянын ичкери бөлүктөрүндөгү кеңири аймактарда таралган жарым чөл жана чөлдөрдүн айрым жерлеринде катуу тикен жалбырактуу бадалдар өсөт. Алар көгөрүп туруучу акациялардан, эвкалиптгерден турат да кээде чырмалган чытырман токойлорду түзөт. Мындай токойлор скрэба деп аталат. Чөлдөрдүн ар кайсы жерлеринде илбийген кылкан чөптөр таралган. Сапырылган кумдуу дөбөлөрдө, корум таштарда өсүмдүктөр дээрлик жок. Бирок Сахара чөлүндөй какыраган жерлер сейрек кездешет. Африкадан айырмаланып Австралиянын чөлдөрүндө оазистер жок.

Номер слайда 6

Виктория - 424 миң чарчы метрди ээлеген Австралия континентинин эң ири чөлү. Кумдуу чөл - экинчи ири чөл. Бул жерде дүйнөнүн ар кайсы бурчунан туристтерди кызыктырган белгилүү Австралиялык Айрес Рок улуттук паркы жайгашкан. Танами - көпчүлүк чөлдөрдөн айырмаланып, жаан-чачындуу күндөрдүн саны жетиштүү. Бирок, катуу ысыктан улам, жаан-чачындар тез эле бууланып кетет. Чөлдүн аймагында алтын казуу иштери жүрүп жатат. Гибсон чөлү - Анын топурактары аба ырайы күчтүү жана темирге абдан бай. Симпсон чөлү Австралиянын эң кургак чөлү жана ачык кызыл кумдары менен белгилүү

Номер слайда 7

Австралиянын уникалдуу органикалык дүйнөсүАвстралия – органикалык дүйнөсү боюнча эң өзгөчөлөнгөн материк: анда өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү жашашат, алар жер шарынын башка жеринде эч кездешпейт. Болжол менен 12 миң өсүмдүктөрдүн түрүнөн 9 миңге жакыны - эндемиктер. Австралияда 162 түр капчыктуулар жашашат. Австралиянын канаттууларынын 670 түрүнүн 450 эндемиктер. Австралияда кеңири таралган бактар – эвкалиптер. Статистиканын маалыматы боюнча ар бир төртүнчү австралиялык бактардын үчөө – эвкалипттер. Эфир майына бай эвкалиптин жалбырактары аябай жеңил күйөт, ошондуктан эвкалип токойлорундагы өрттѳр абдан коркунучтуу, бактар дароо биринин артынан бир күйѳ баштайт. Бирок эвкалиптер абдан отко туруктуу. Кандайдыр бир убакыттан кийин анын күйгѳн кара бутагынан жаш жашыл бутактар ѳсүп чыгып, бак жашоосун улантат. Австралияда гана денесинин эң тѳмѳнкү температурасы +220 С, сүт эмүүчү – ехидна, жердеги эң уулуу жылан - тайпан; аз сандагы жүнү менен - кара куу жана башка канаттуулар (25 000) жашашат.

Номер слайда 8

Материктин чыгышынан орун алган Чоң-Суу бөлгүч кырка тоосундагы Австралиялык Альпыда бийиктик алкактуулук даана байкалат. Тоонун этектеринде 1000—1200 м бийиктиктеги капталдарында тропиктик токойлор мүнөздүү. Анын чыгыш капталдарында ар түрдүү эвкалипттер, жыгач түспөл папоротниктер таралган. Алар менен чырмалышып лианалар өсөт. Ал эми батыш капталдарында эвкалипт токойлору парк түрүндө гана сакталып калган. Тоонун 1200 м бийктиктеги капталдарынан жогору тоо токойлору, бадалдар таралган. Алардын арасында ийне жалбырактуу токойлор — араукарийдин түрлөрүнүн айрым массивдери кездешет. Алардан жогору —кайкы кырларда альпы тибиндеги шалбаалар орун алган.

Номер слайда 9

Австралиянын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүү жана көп өзгөчөлүктөрү бар. Алсак, эндемикалык сумкалуу жаныбарлардын түрлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү материкке гана мүнөздүү. Алардын ичинен кенгурунун тукуму көп таралган. Эн чоң кенгурулар 3 м ге жетет. Ырас чоңдугу 30 см келген майда кенгурулар да бар. Сумкалуу жаныбарлардын балдары эң кичинекей туулат да, энеси баласын боорундагы сумкасына салып жүрүп чоңойтот.

Номер слайда 10

Австралияда өсүмдүктөр көп. Түндүк Австралияда кызыктуу дарактар ​​өсөт - эвкалипт. Акация, бөтөлкө, папоротник жана бамбук дарактары да көп кездешет. Континенттин батыш жана борбордук бөлүктөрүнүн өсүмдүктөрү өтө начар, анткени алар чөл жана жарым чөл чөл зонасында жайгашкан.

Номер слайда 11

Эвкалипт токойлорунда коала деген сумкалуу аюу кезигет. Тасман аралында өтө сейрек жырткыч — сумкалуу шайтан делчү жаныбар сакталып калган. Сууларда крокодилдер бар.

Информация о публикации
Загружено: 20 января
Просмотров: 188
Скачиваний: 0
Суйундукова Мейизгул Иманалиевна
География, 7 класс, Презентации
Скачать материал