Математикалык баш катырмалар (куюштурууга байланыштуу)

Бул материалда математикалык баш катырмалардын ичинен куюштурууга байланыштуу баш катырмалар камтылган
Скачать материал
Просмотр
содержимого документа

Куюштуруу тууралуу  баш катырмалардын   жооптору

 

КУЮШТУРУУ   ТУУРАЛУУ   БАШ  КАТЫРМАЛАР[1]

  1. 4 литр

Силердин 3 жана 5 литрлик эки идишиңер бар. Бул эки идиш менен булактан ашык кеми жок 4 литр суу алып келишиңер керек. Кантип?

  1. Айран

Сыйымдуулугу 10 литрлик болгон идиш айран менен толтурулган. Эки бош идиш бар. Алар 7 литрлик жана 2 литрлик. Ушул айранды эки идишке 5 литрден кылып кантип бөлсө болот?

  1. Бензин

Эки идиш бар. Алардын бирөөсү 9, экинчиси 4 литрлик. Бул идиштердин жардамы менен бактан 6 литр бензинди кантип алса болот? (Бензинди кайра бакка куюуга да мүмкүн.)

  1. Чырак май

Дүкөндөгү цистернада чырак май болгон. Айдоочу 5 жана 9 литрлик идиштерди алып келген, бирок акчасы араң  3 литрге жеткен.  Сатуучуда да 3 литрди өлчөп берүүчү идиши жок экен. Айдоочу менен сатуучу көпкө ойлонбой эле бул маселени чечишкен. Алар кантип 3 литр чырак майды өлчөп алышкан?

  1.  Суу

Сыйымдуулуктары 8, 5 жана 3 литр болгон үч идиш бар.Алардын биринчиси суу менен толтурулган. Эки идиштин арбиринде 4 литр суу болгудай кылып кантип бөлсө болот?

  1. Компот

Мен Арстан  тагамдын үйүнө бардым. Анын 12 литрлик идиште толтура компоту бар экен. Мага 6 литр (жарымы) компот берем деп эси кетти. Эптеп эки идиш тапса алар 9 жана 5 литрликтер экен. Эсебин таап эптеп, 9 жана 5 литрлик идиштерди колдонуп,литр компотту куюп алдым. Кантип?

  1. Өрүк  ширеси

Айгүлдүн  12 литр өрүк ширеси бар. Ал тең жарымын досу Мадинага  бергиси келет, бирок анда 6 эмес 8 жана 5 литрлик идиштери бар. Айгүл  Мадинага  6 литр өрүк ширесин  кантип бөлүп  бере алат?

  1. Сүт

12 литрлик идиште жайгашкан 12 литр сүттү, бош турган 8 жана 5 литрлик идиштерди колдонуу менен кантип 6 литрден кылып, эки  бөлүккө бөлсө болот?

  1. Чалап

Энеси  кызына  мындай дейт: 10 литрлик идиште толтура жарма  бар.  7-3 литрлик бош идиштерге,  4 литр жарманы төкпөй-чачпай, ашык кеми жок кылып куюп бер. Кызы айласын таап  куюп берген.  Кызы   кантип    куюп берген?

 

 

 

 

 

 

1

 


[1] 1111 баш катырма//С.М.Амиралиев,-Б.:Бийиктик плюс,2014-164 б.

Информация о публикации
Загружено: 16 мая
Просмотров: 563
Скачиваний: 1
Эрматали уулу Баяман
Математика, Прочее, Разное